Урматтуу биздин абитуриенттер;

2 жылдан кийин жакшы жумушка ээ болгуңуз келеби?

Анда сиз туура даректесиз. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кесиптик орто билим берүү колледжинин эң заманбап программаларынын ичинен өзүңүзгө жаккан программаны тандап, тапшыруу мөөнөтүн өткөрүп жибербеңиз. Кененирээк маалымат алуу үчүн окуңуз…

Кыргыз-Түрк Манас университетинин курамындагы Кесиптик орто билим берүү колледжинде даярдоо курсунан тышкары 2 жылдык кесиптик билим берилет. Окуу жайыбызда практикалык сабактар өз тармагында адис мугалимдер тарабынан интенсивдүү түрдө окутулуп, бүтүрүүчүлөрүбүз өз тармагында адис катары 2 жылдык дипломго ээ болушат.

Университетибиздин бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн бирдей пайдаланган студенттерибиз өз кесиптерине ылайыктуу тармактарда жумушка оңой орношууда.

Кесиптик орто билим берүү колледжибиздеги программаларга ачылган квотага тапшыруу үчүн 11-классты бүтүрүү жана Кыргыз Республикасынын ЖРТ сынагынан эң аз 110 балл талап кылынат. КРнын ЖРТ жыйынтыгынан башка эч кандай сынактын жыйынтыгы талап кылынбайт.

Шилтемедеги дарек боюнча июль айында талапкерлердин арыздарына кулактандыруу берилет.

Шилтеме: https://exams.manas.edu.kg/index.php/kesiptik-orto-bilim-ber-kolledzhi

Биздин колледж жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн биздин веб-баракчабызга жана социалдык тармактардагы баракчаларыбызга кириңиз.

Web                      : https://manas.edu.kg/tr/School+of+Vocational+Education

Mail                       : myo@manas.edu.kg

Facebook            : https://www.facebook.com/meslekyo.ktmu

Instagram            https://www.instagram.com/ktmu.myo

Youtube              : https://www.youtube.com/@ktmu.meslekyo

Google                 https://ktmumyo.business.site

Whatsapp           : +996 (312) 49 12 39

Билдирүү жөнөтүү https://wa.me/996312491239

 

Колледжибиздин студенттеринин катарында сизди көрүү бизди абдан кубандырат.

КВОТАЛАР

КЕСИПТИК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ КОЛЛЕДЖИ (2 ЖЫЛДЫК)

Коду

Кесиптик даярдоо программасынын аталышы

Окуу мөөнөтү (жыл)*

Каралуучу тесттин жыйынтыгы

Бөлүнгөн орун

3501

Менеджмент программасы (тармактар боюнча)

2

ЖРТнын негизги тести

30

3502

Экономика жана бухгалтердик эсеп программасы (тармактар боюнча)

2

ЖРТнын негизги тести

30

3503

Курулуштарды жана имараттарды куруу жана эксплуатациялоо программасы

2

ЖРТнын негизги тести

30

3504

Автомобил унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо программасы

2

ЖРТнын негизги тести

30

3505

Мектепке чейинки билим берүү программасы

2

ЖРТнын негизги тести

30

3506

Маркетинг программасы (тармактар боюнча)

2

ЖРТнын негизги тести

30

3507

Туризм программасы

2

ЖРТнын негизги тести

30

3509

Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасы

2

ЖРТнын негизги тести

30

230111

Компьютердик системаларда программалоо

2

ЖРТнын негизги тести

30

 

* Даярдоо бөлүмүндөгү 1 жылдык тил үйрөтүү программасы окуу мөөнөтүнө камтылган жок.